•                                                                                                                                                                                    
    "Жүрөк” коомдук кайрымдуулук фонду ар дайым сиздер менен бирге.

  • Урматтуу Кыргызстандыктар , бир боордоштор, ата-апалар, ага-инилер, эже-карындаштар бир женден кол , бир жакадан баш чыгарып , ушул демилгени алга сүрөп, Кыргыз эли боорукер , ырайымдуу мекендештерин эч качан кыйынчылыкка таштабай тургандыгын бүт дүйнөгө даназайайлы.

  • Урматтуу Кыргызстандыктар , бир боордоштор, ата-апалар, ага-инилер, эже-карындаштар бир женден кол , бир жакадан баш чыгарып , ушул демилгени алга сүрөп, Кыргыз эли боорукер , ырайымдуу мекендештерин эч качан кыйынчылыкка таштабай тургандыгын бүт дүйнөгө даназайайлы.

“Жүрөк” коомдук кайрымдуулук фонду

“Жүрөк” коомдук кайрымдуулук фондунун түзүлүшүнүн себептери

Бир сом тагдырды чечет

 

 

 

Жүрөгүм ооруп , зееним кейигени, ар кандай тагдырга  кабылган мекендештеримдин арасында ар кыл илдетке чалдыгып, дарттары күчөгөндөрдүн күн санап көбөйүп бараткандыгы .

Каражат тартыштыгынан өз убагында доктурга көрүнө албай , жардамга муктаждардын саны жылдан жылга көбөйгөндөн көбөйүүдө.

Кымбат каражатты талап кылынган  оор операциялар чет мамлекеттерде жасалгандыктан , мүмкүнчүлүгү чакталуу канчалаган боордошторубуз жарык дүйнө менен кош айтышты.

 


 

Айрымдарынын  тууган урук , жек жааттары болгон акча-каражаттарын топтошуп , жетпей калганын, айылдык  райондук, облусттук  админстрациялардан  жана депутаттардан жардам сурашып , ишкерлерге жана башка адамдарга теле радио , маалымат каражаттары аркылуу кайрымдуулук кылуусун  өтүнгөндөрдүн  саны күн санап арбып баратат . 

 


Кандай кылганда ушул көйгөйдү чечсе болот деген ой качандан бери менин жан дүйнөмө тынчтык бербей кыйнап келет.

Элиме кичине болсо да жардамым тиер бекен деп  үй-бүлөм менен биргелекте

“ Жүрөк”- коомдук кайрымдулук фондун ачтык .

 


Жүрөк коомдук кайрымдуулук фонду 2014-жылы түзүлүп, мамлекеттик каттодон өткөн.

Бул фонд азыркы учурда көп кездешип жаткан жүрөк , бөйрөк, боор оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү максатында түзүлүп , аларды операция жолу менен көрсөтүлгөн органдарын алмаштырууга жардам көрсөтүүнү көздөйт .


Бул жардам операция жолу менен  материальдык жактан кыйналып турган жарандарыбызга,  өлкөбүздүн ичинде  чет мамлекетте , операция жасатууга көмөк көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт жана операцияга кетүүчү чыгым фонд тарабынан каржыланат.

 


Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча өлкөбүздө бир жылда 200-250 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж жана чет өлкөлөрдө мындай операция 20-35 миң АКШ доллары керектелет.


Ал эми жүрөк , боор алмаштыруу биздин өлкөдө жасалбайт жана жыл сайын 5-7 биздин жарандар чет өлкөдө жүрөк, боор алмаштыруу боюнча операция жасатып келишет .

Жогорудагы  120-операция болуп бөйрөгүн  алмаштырган оорулар үчүн жылына даарыланып туруу үчүн  Саламаттык сактоо министрлигинен 50-млн сом талап кылынса 

 бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттен 12 млн. сом гана бөлүнүп  келүүдө.