"Жүрөк" коомдук кайрымдуулук фондунун аткара турган максаттары

"Жүрөк" коомдук кайрымдуулук фондусунун аткара турган максаттары : Ооруларды дарылоодо, операцияларды өткөрүүдө, операция өткөрүлгөндөн кийин талап кылгынган дары-дармектерди сатып алууда Кыргыз Республикасынын жарандарына каржы жагынан жардам көрсөтүү.

 


Кайрымдуулук фондусунун милдеттери

Кайрымдуулук фондусунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет.

 1.Ооруган адамдын кайрылуусуна жана анын медициналык документтерине ылайык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүп , диагнозду аныктоого акча каражатын төлөп берүү.


2.Аныкталган  диагноз боюнча операция же дарылоо өткөрүлүүчү медициналык мекемелерди аныктап берүү.

3.Аныкталган медициналык мекеме (анын ичинде чет элдик медициналык  мекеме) менен келишим түзүү.


4.Аныкталган медициналык мекеме (анын ичинде чет элдик медициналык  мекеме) менен түзүлгөн келишимге ылайык операция же дарылоо өткөрүү үчүн талап кылынган суммадагы  анын ичинен оорулуу адамдын  чет өлкөдө дарыланган  мезгилде жашап тургандыгы  үчүн акча каражаттарын төлөп берүү.

 


 

Оорулуу адамдын дарылануусу  тууралуу маалыматтарды алат жана контролдоп иштерин жүргүзөт.

Кайрымдуулук фондусу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрымдуулук багытындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөт .

Кайрымдуулук максатында демөөрчүлөргө кайрылат.