"Жүрөк" коомдук кайрымдуулук фондусунун ишин уюштуруу

Оорулуу адамдардын кайрылууларын  кабыл алат жана ал кайрылууларга ылайык зарыл болгон кошумча маалыматтарды тактайт.

 

Оорулуу  адамдын диагнозун тактоо боюнча  медициналык мекемелерге кайрылат.

Оорулуу адамды дарылоо үчүн медициналык мекемелерди (анын ичинде чет элдик медициналык мекеме) менен тиешелүү келишимдерди түзөт.

Оорулуу адамды тиешелүү келишимге ылайык аныктлган медициналык мекемеге (анын ичинде чет элдик медициналык мекемеге ) жиберет.

 


Оорулуу адамдын дарылануусун тууралуу маалыматтарды алат жана контролдо иштерин жүргүзөт.

Кайрымдуулук фондусу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрымдуулук багытындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөт .

Кайрымдуулук максатында демөөрчүлөргө кайрылат.

 


 

 Кайрымдуулук фондусунун ишин уюштуруу

Кайрымдуулук фондусунун негизи иши мүчөлөрдү кабыл алуу болуп эсептелет .

Мүчөлөр кайрымдуулук  фонду тарабынан каттоого алынат.

Кайрымдуулук фондусунун мүчөлөгүнө кабыл алынгандардан төмөнкүлөр катталат.

Мүчөнүн аты-жөнү:

Мүчөнүн паспорттук маалыматтары:

Мүчөнүн уюлдук телефонунун номери.


 Кайрымдуулук фондусунун финансылык булагы.

 

Кайрымдуулук фондусунун финансалык булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет.

Кайрымдуулук фондусунун мүчөлөрүнүн мүчөлүк акылары (1 күнгө « сом, 1 жылга 365 сом ).

Мүчөлөр канчалык көп болсо  биздин финансалык булагыбыз ошончолук олуттуу  болот.

Демөөрчүлөрдүн алынган кайрымдуулук салымдары:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка салымдар .


 

Кайрымдуулук фондусунун ишин контролдоо.

Кайрымдуулук фондусунун иши жөнүндө бир жылдык отчет ушул фонддун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте каралат.