“Жүрөк” коомдук кайрымдуулук фонду
“Жүрөк” коомдук кайрымдуулук фондунун түзүлүшүнүн себептери
Бир сом тагдырды чечет
Жүрөгүм ооруп , зееним кейигени, ар кандай тагдырга кабылган мекендештеримдин арасында ар кыл илдетке чалдыгып, дарттары күчөгөндөрдүн күн санап көбөйүп бараткандыгы .
Каражат тартыштыгынан өз убагында доктурга көрүнө албай , жардамга муктаждардын саны жылдан жылга көбөйгөндөн көбөйүүдө.
Кымбат каражатты талап кылынган оор операциялар чет мамлекеттерде жасалгандыктан , мүмкүнчүлүгү чакталуу канчалаган боордошторубуз жарык дүйнө менен кош айтышты.
Айрымдарынын тууган урук , жек жааттары болгон акча-каражаттарын топтошуп , жетпей калганын, айылдык райондук, облусттук админстрациялардан жана депутаттардан жардам сурашып , ишкерлерге жана башка адамдарга теле радио , маалымат каражаттары аркылуу кайрымдуулук кылуусун өтүнгөндөрдүн саны күн санап арбып баратат .
Кандай кылганда ушул көйгөйдү чечсе болот деген ой качандан бери менин жан дүйнөмө тынчтык бербей кыйнап келет.
Элиме кичине болсо да жардамым тиер бекен деп үй-бүлөм менен биргелекте
“ Жүрөк”- коомдук кайрымдулук фондун ачтык .
Жүрөк коомдук кайрымдуулук фонду 2014-жылы түзүлүп, мамлекеттик каттодон өткөн.
Бул фонд азыркы учурда көп кездешип жаткан жүрөк , бөйрөк, боор оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү максатында түзүлүп , аларды операция жолу менен көрсөтүлгөн органдарын алмаштырууга жардам көрсөтүүнү көздөйт .
Бул жардам операция жолу менен материальдык жактан кыйналып турган жарандарыбызга, өлкөбүздүн ичинде чет мамлекетте , операция жасатууга көмөк көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт жана операцияга кетүүчү чыгым фонд тарабынан каржыланат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча өлкөбүздө бир жылда 200-250 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж жана чет өлкөлөрдө мындай операция 20-35 миң АКШ доллары керектелет.
Ал эми жүрөк , боор алмаштыруу биздин өлкөдө жасалбайт жана жыл сайын 5-7 биздин жарандар чет өлкөдө жүрөк, боор алмаштыруу боюнча операция жасатып келишет .
Жогорудагы 120-операция болуп бөйрөгүн алмаштырган оорулар үчүн жылына даарыланып туруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен 50-млн сом талап кылынса
бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттен 12 млн. сом гана бөлүнүп келүүдө.