“ Жүрөк”-коомдук кайрымдуулук фондунун аткара турган иштери:

Ооруган адамдын кайрылуусу менен анын медициналык документтеринин корутундусуна ылайык , кайсы чет мамлекетте дарыналаарын операция болоорун аныктап, ал жак менен келишим түзүп , канча суммадагы каражат талап кылынса ошол сумманы жана оорулунун жол киресин кошуп төлөп берет.

 


Оорулу адам кайрымдуулук фондуна эч кандай каражат төлөбөйт.

Оорусунан айыгып, үй-бүлөөсүнө кубаныч тартуулап, оокатын жөндөп кетсе болгону.

 


Кайрымдуулук фондунун аткара турган иши  

1. Оорулуу адмдардын кайрылуусун кабыл алат жана ал кайрылууларга ылайык зарыл болгон кошумча маалыматтарды тактайт.

2. Орулуу адамдын диогнозун тактоо боюнча медициналык мекемелерге кайрылат .

3.Орулуу адамды дарылоо үчүн медициналык мекемелерди (анын ичинде чет элдик медициналык мекемелерди) аныктайт.

4.Аныкталган медициналык мекеме ( анын ичинен чет элдик медициналык мекеме) менен тиешелүү келишимдерди түзөт.

5.Орулуу адамды тиешелүү келишимге ылайык аныкталган медициналык мекемеге (анын ичинен чет элдик медициналык мекемеге) жиберет.

6.Аныкталган медициналык мекеме (анын ичине чет элдик медициналык мекеме) менен түзүлгөн келишимге ылайык операция же дарылоо өткөрүү үчүн талап кылынган сумма дагы акча каражатын жол киресин Жүрөк КК фонду  төлөп берет.

 

Акча каражаттар булагы

 

Келишимдин негизинде сотовый компаниялар, радио , телевидение , интерент жана башка маалымат булактары аркылуу элге түшүндүү иштери жүргүзүлөт.

 


 

Аталган кайрымуулук фондуна 18 жаштан жогорку каалочулар өз ыктыяры менен мүчө боло алышат.

Ошондой эле коомго мүчө болгондор жашы жете элек балдардын фонддун эсебинен даарылана алышат.


Ошондуктан ким фонддко мүчө болсо ал сөзсүз каттодон өтүшү кажет.

Кайрымдуулук фондусунун фининсалык булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет.

-Кайрымдуулук фондусунун мүчөлөрүнүн мүчөлүк акылары (1 күнгө  1 сом ,  1 жылга 365 сом)

-Демөөрчүлөрдөн алынган кайрымдуулук салымдары:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка салымдар.